7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту

21

Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

Тараптар эки жактуу кызматташтык маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулап, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого, саламаттык сактоо тармагындагы өнөктөштүккө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык өз ара аракеттенүүнү жандандырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Садыр Жапаров Нарендра Модини Индиянын Эгемендүүлүгүнүн 80 жылдыгы менен жылуу куттуктады. Ал өз ара достук, урмат-сый жана ишенимге негизделген эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин салттуу достук жана стратегиялык мүнөзүн белгиледи.

Президент Садыр Жапаров кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ артыкчылыктуу багыттар катары билим берүү, саламаттык сактоо, фармацевтика жана IT-технологиялар жааттарын атады.

Өз кезегинде Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттер аралык мамилелердин ырааттуу жана динамикалуу өнүгүп жатканын айтты.

Нарендра Моди расмий Дели өз ара пайдалуу кызматташтыкты жигердүү кеңейтүүгө жана стратегиялык өнөктөштүктү ар тараптуу чыңдоого толук даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашуулар жана белгиленген багыттар кыргыз-индия кызматташтыгын сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн конкреттүү кадамдарды аныктоого мүмкүндүк берерине өз ара ишеним артышты.

22