7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту

13

Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн келген Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран мамилелеринин учурдагы абалын жана мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Соода-экономикалык жана энергетикалык кызматташтык, транспорттук-логистикалык өз ара аракеттенүү, ошондой эле маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери каралды.

Тараптар ошондой эле эки жактуу жана эл аралык күн тартибиндеги өз ара кызыкчылык жараткан актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

14