7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2028-жылы көчмөндөр оюндары Татарстанда өтөт

12

Кийинки 2028-жылдагы VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Татарстанда өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Бишкек Аренада» өткөн ачылыш аземинде билдирди.

«Эгемендиктин чыныгы мааниси — өзөгүңдү жакшы билүүдө, салт-санааңды аздектеп сактоодо, эне тилиңди барктап-баалоодо, өз тагдырыңды өзүң аныктоодо жана өз келечегиңди өзүң куруу мүмкүнчүлүгүн жоопкерчилик менен колдоно билүүдө. Биздин таянычыбыз эгемендикте болсо, түпкү тамырыбыз — көчмөн цивилизациясында. Алган багытыбыз эл аралык достук жана өнөктөштүк болсо, келечегибиз — өнүккөн, күчтүү жаңы Кыргызстанды курууда!» — деди президент.

Өлкө башчысы республиканын ийгиликтерине токтолуп, кийинки VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Татарстанда өтөрүн белгиледи.

«Учурдан пайдаланып, Россия Федерациясынан 2028-жылы VII Көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даяр экенин билдирген расмий кат келгенин жарыялай кетейин. Бул үчүн Россия Федерациясынын өлкө жетекчиси, урматтуу Владимир Владимирович Путинге ыраазычылык билдирем. Биз бул эл аралык маанидеги иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүдө Россия тарапка ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деди Садыр Жапаров.

13