Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу эмес мүчөлүгүнүн учурунда аймактык уюмдардын ортосундагы тыгыз диалогду өнүктүрүүгө жана топтолгон тажрыйбаны Борбор Азияда көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан “ШКУ плюс” форматындагы жыйында билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, бул органга мүчөлүк БУУнун борбордук координациялык ролун күчөтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
“Ушул жылдын июнь айында биздин өлкө тарыхта биринчи жолу 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Мен дагы бир жолу Кыргызстанга ишеним көрсөткөн мамлекеттерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Кыргызстан ошондой эле туруктуу эмес мүчөлүгүнүн учурунда Коопсуздук кеңеши менен аймактык уюмдардын ортосундагы тыгыз диалогду өнүктүрүүгө жана топтолгон тажрыйбаны Борбор Азияда көрсөтүүгө даяр”, — деди Садыр Жапаров.



