Шаршембиде Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +23…+28, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында +27…+32, Талас чөлкөмүндө +21…+26, Ысык-Көл, Нарын региондорунда +20…+25 градус ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +26…+28, Ошто +29…+31, ал эми Чолпон-Атада +20…+22 градуска жетет.



