7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көчмөндөр оюндары: Майыптыгы бар адамдарга тиешелүү шарттар түзүлдү

21

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө майыптыгы бар адамдарга жардам көрсөтүүгө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 100гө жакын кызматкери тартылды.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин кызматкерлер кеңеш берип, иш-чара өтүүчү жайларда багыт алууга жана жүрүп-туруу үчүн көмөк көрсөтүшөт.

«Майыптар арабасын колдонгон адамдар үчүн «Газпром» спорт комплексинде атайын транспорт уюштурулду. Ошондой эле иш-чара өтүүчү жайларда көрсөтмө белгилер орнотулуп, кызматкерлер министрликтин логотиби түшүрүлгөн атайын жилеттер менен иштеп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Бул чаралар майыптыгы бар адамдардын Көчмөндөр оюндарына катышуусун ыңгайлуу, жеткиликтүү жана коопсуз кылууга багытталган.

22