7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри менен жолугушту

11

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чара “Ынтымак Ордо” имаратынын алдында өтүп, анда Кыргызстан жана Пакистандын мамлекеттик туулары илинип, Ардак кароол ротасы тизилип, кызыл килемдер төшөлгөн.

Жогорку даражалуу мейманды Садыр Жапаров тосуп алды. Ардак кароол ротасынын командири рапорт бергенден кийин, аскердик оркестрдин аткаруусунда Кыргызстан жана Пакистандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Ардактуу кароол ротасын жана этножоокерлерди кыдыруу учурунда Шахбаз Шариф аскер менен “Салам, аскер!” деп саламдашты. Андан соң Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты.

Азем Ардак кароол ротасынын салтанаттуу маршы менен аяктады.

Андан соң Садыр Жапаров менен Шахбаз Шариф “Ынтымак Ордо” имаратында биргелешип сүрөткө түшүү аземине катышты.

Мындан кийин Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн залга өтүштү.

 

12