7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңеш жайкы эс алуудан кийин ишин баштады

10

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары ишин баштады. ЖК төрагасы Марлен Маматалиев жыйынды ачып бергенден кийин гимн жаңырды.

Спикер өлкөдө болуп жаткан чоң өзгөрүүлөргө токтолду.

«Жаңы сессияда биринчи кезекте экономиканы өнүктүргөн, инвестиция тарткан жана ишкерликти колдогон мыйзам долбоорлорун илгерилетишибиз керек. Билим берүү менен саламаттык сактоого, айыл чарба, энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл буруу зарыл», — деди төрага.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы 2025-жылдын 17-декабрында ишин баштаган. Парламентте сегиз тармактык комитет жана беш депутаттык топ бар.

11