Атай Жанболотов аттуу социалдык тармактын колдонуучусу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда айдоочуларга дрон аркылуу эскертүү берилип жаткан учурду видеого тартып алган.
Видеодо жол кыймылын көзөмөлдөгөн тартип сакчылары дрондун жардамы менен айдоочуларга эскертүү берип жатканын көрүүгө болот.
Социалдык тармактын колдонуучулары милиция кызматкерлеринде мындай заманбап техникалардын пайда болгонун тамаша-чыны аралаш белгилеп, «Өнүгүү деген ушундай» деген пикирлерин жазышууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



