VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2–4-сентябрь күндөрү Кырчында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы болуп өттү.
«Манас» улуттук театры билдиргендей, үч күнгө созулган таймаштын жыйынтыгында төмөнкү төкмө акындар байгелүү орундарга жана акчалай сыйлыкка ээ болушту:
Баш байге — 300 миң сом:
Элмирбек Иманалиев (Кыргызстан);
Мейирбек Султанхан (Казакстан).
1-орун — 250 миң сом:
Нурсултан Малдыбаев (Кыргызстан);
Мухтар Ниязов (Казакстан).
2-орун — 200 миң сом:
Кутман Садыбакасов (Кыргызстан);
Хазырет Бердихан (Казакстан).
3-орун — 150 000 сом:
Акматбек Султан уулу (Кыргызстан);
Нурлан Эсенкулов (Казакстан).
Мындан тышкары, айтышка катышкан калган акындар да акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жалпы байге фонду 3 миллион сомду түздү.



