Бишкекте курулуп жаткан жаңы «Ош базары» толугу менен мамлекетке таандык болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, базардын курулушу 90%га аяктады. Жакында соодагерлер эски базардан жаңы жайга көчүрүлөт.
Ошондой эле базардагы кызматтар санариптештирилип, соода орундарын бөлүштүрүү жана башка процесстер электрондук форматта жүргүзүлөт.
Жаңы базардын «Ош базары» деген аталышы өзгөртүлбөйт.



