7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Батирлерди оңдоп берем деп жарандарды алдап жүргөн шектүү кармалды

13

Бишкекте батир оңдоп бермекчи болуп ондон ашык кишини алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

ШИИБдин маалыматына караганда, шектүү жабырлануучу менен батирин оңдоп бермек. Алдын ала төлөм катары 700 долларды накталай, 159 585 сомду котортуп алган бойдон таптырбай кеткен. Жалпы зыяндын суммасы 220 миң сомдон ашкан.

«Ички иштер органдарына ушундай эле алдамчылыктан жабыр тарткан 10дон ашык адам кайрылды. Учурда келтирилген жалпы материалдык зыян такталууда. «Алдамчылык» беренеси менен иш козголуп, 29 жаштагы С.Н. аттуу жаран шектүү катары кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда башка жабырлануучулар изделүүдө.

14