9-сентябрга карата Кыргызстан боюнча аба ырайынын божомолу.
Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, бүгүн өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт, бирок ала булут каптайт. Шамал батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Көпчүлүк тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде үшүк жүрүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түндө +11…+16
күндүз +30…+35
Суусамыр өрөөнү
түндө 0…-5
күндүз +18…+23
Талас облусу
түндө +8…+13
күндүз +28…+33
Баткен облусу
түндө +14…+19
күндүз +30…+35
Ош, Жалал-Абад облустары
түндө +15…+20
күндүз +31…+36
Ысык-Көл облусу
түндө +8…+13
күндүз +20…+25
Нарын облусу
түндө +7…+12
күндүз +22…+27
Бийик тоолуу аймактар
түндө -2…+3
күндүз +7…+12
Бишкек шаарныда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы +14…+16 градус, күндүзгү температурасы +32…+34 градус болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү температурасы +11…+13 градус, күндүзгү температурасы +21…+23 градус болот.
Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги суунун температурасы 7-сентябрда күндүз +22,1 градус, 8-сентябрда эртең менен +20,6 градусту түздү.



