Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.
Ошондой эле ишке ашырылган долбоорлор, өнөр жай жана инфраструктуранын абалы, мындан аркы өнүгүү пландары тууралуу маалымат алды.



