Бүгүн, 8-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайынын аймагында суу астын тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Суучулдар кызматынын адистери Ысык-Көлдүн түбүн тазалап, болжол менен 600–650 килограмм ар кандай таштанды чыгарышты.
Мындай иштер көлдүн тазалыгын сактоо жана эс алуучулар үчүн коопсуз шарт түзүү максатында жүргүзүлүүдө.



