2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстанда 9 социалдык маанилүү азык-түлүк түрү менен камсыз болуу деңгээли жогорулады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.
Алты айдын жыйынтыгында картошка менен камсыздоо 198,9%, жашылча жана коон-дарбыз 247,2%, сүт жана сүт азыктары 124,1% түзгөн.
Башка азык-түлүктөр боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:
- эт — 82,1%;
- жумуртка — 79,8%;
- кумшекер — 72,6%;
- нан азыктары — 77,4%;
- өсүмдүк майы —53,6%;
- мөмө-жемиштер — 15,6%.
Министрликтин маалыматына ылайык, ички өндүрүшү жетишсиз болгон азык-түлүктөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө басым жасалат.
Бул багытта буудай жана май өсүмдүктөрүн өстүрүүнү кеңейтүү, сапаттуу үрөн жана асыл тукум мал менен камсыздоо, тоют базасын жакшыртуу, сугат аянттарын көбөйтүү жана заманбап технологияларды киргизүү пландалууда.
Ошондой эле эт, сүт, мөмө-жемиш жана башка айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү күчөтүү каралууда.



