Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө карата Талас облусундагы даярдыктар менен таанышты.
Минкаб башчысы майрамдын алкагында ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилерди кыдырып, алардын даярдыгын текшерди.
Белгилей кетсек, эртең, 11-сентябрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Талас облусунда бир катар объектилер ачылат. Мындан тышкары, өлкө боюнча онлайн форматта 105 социалдык объект жана 60 ишкана пайдаланууга берилет.
Адылбек Касымалиев Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү зарылдыгын белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмаларды берди.



