7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен Баткен облусундагы кырдаалды талкуулады

1424

Бүгүн, 30-апрель Президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал боюнча телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Мамлекет башчылары учурдагы кырдаалды жана кагылышууну жөнгө салуу жолдорун талкуулашты. Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевге тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымдады жана тынчтыкты орнотууга, жаңжалды жөнгө салууга жардам берүүгө даярдыгын билдирген Өзбекстандын Президентине ыраазычылыгын айтты.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы бардык пикир келишпестиктерди дипломатиялык диалог куруу аркылуу тезирээк жөнгө салуу зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле, Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын Президентинин Ташкенге иш сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган биргелешкен чечимдердин жана макулдашуулардын аткарылышын талкуулашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1425