Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстанга 54 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Аны Баткен аймагындагы жабыркагандарга жөнөтүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, азык-түлүк салынган жүк атайын рейс менен “Манас” аэропортуна бир күн мурун келген. Жакын арада Баткен облусуна гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу жеткирилет.
«Манас» аэропортундагы гуманитардык жүктү кабыл алуу процессине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн аткаруу максатында, бул гуманитардык жардам Баткен облусуна Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу жакынкы аралыкта жеткирилет.