7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара чыры боюнча үн катты

3827

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы тынчтык келишимдери боюнча комментарий берди.

“Москва биздин боордош Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы чек ара тилкесиндеги кырдаалдын кескин курчушун тынчсыздануу менен байкоо жүргүзүп жатты. Тилекке каршы, куралдуу кагылышуунун натыйжасында адамдар курман болду. Учурда кырдаал турукташты, бирок чыңалуу дагы деле болсо сакталып турат.

Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын сакайып кетишин каалайбыз.

Биз 30-апрелге караган түнү кагылышууларды токтотуу жана курч кырдаалды сүйлөшүүлөрдүн баскычына өткөрүү, күчтөрдү жана аскердик техникаларды чыгарып кетүү боюнча тараптар ортосунда жетишилген макулдашууларды кубаттайбыз.

Биз тараптарды мындан аркы сүйлөшүүлөрдүн жардамы менен — ​​союздаштык жана коңшулук маанайда — кырдаалды нормалдаштырууга мүмкүндүк бере турган туруктуу жана узак мөөнөттүү келишимдерге жетишүүгө жана мындай окуялардын кайталанбашы үчүн натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырабыз.

Ушуга байланыштуу, Бишкек жана Душанбе шаарларынын биргелешкен жумушчу тобун түзүү жөнүндө (калк менен маалыматтык иш алып баруу, ошондой эле чек ара аймагында кырдаалды көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү) чечимин колдойбуз.

Орусия Кыргызстан жана Тажикстан менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык принциптерин карманып, ар кандай талаштуу маселелерди саясий жана дипломатиялык ыкмалар менен чечүүдө ар тараптуу жардам берүүгө даяр.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3828