“Кытай Кыргызстан менен Тажикстан чек ара чатагын тез арада туура тарапка чечилишине үмүттөнүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде өткөн брифингде Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэньбинь билдирди.
«Кытай тарап тиешелүү отчетторго көңүл бурду жана биздин билишибизче, тараптар буга чейин ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү», — дейт дипломат.
Ал Кыргызстан дагы, Тажикстан дагы достук мамиледеги коңшулар жана Кытайдын ар тараптуу стратегиялык өнөктөштөрү экендигин белгиледи.
«Биз тараптар карама-каршылыктарды жана пикир келишпестиктерди өз ара урматтоонун жана достук консультациялардын негизинде, ошондой эле аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча биргелешкен аракеттердин негизинде туура чече алат деген үмүтүбүздү жана ишенимибизди билдиребиз», — деп билдирет Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү РИА Новостиге.