7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен: Сүлүктү шаарында жаңы «Белес Резорт» туристтик комплекси ачылды

13

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жаңы заманбап «Белес Резорт» туристтик комплекси ачылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун биринчи орун басары Эрденет Касымов катышып, аталган объекттин өлкөнүн түштүк аймагын өнүктүрүүдөгү стратегиялык маанисин белгиледи.

«Белес Резорт» комплексинин ачылышы Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон айтылуу окуялардын бири болуп саналат. Комплекс аймактын бай туристтик потенциалын ачууга жана туризмди өнүктүрүүгө олуттуу түрткү берүүчү борборго айланууга багытталган.

«Бул комплекстин ишке кириши — бүтүндөй облус үчүн күчтүү түрткү. Биз жаңы жумуш орундарын гана түзбөстөн, Баткендин туристтик брендин жаңылап, аны ички жана чет өлкөлүк туристтер үчүн жеткиликтүү, ыңгайлуу жана жагымдуу багытка айлантып жатабыз», — деди Эрденет Касымов.

Жаңы комплекс Кыргыз Республикасынан, Тажикстан Республикасынан жана Өзбекстан Республикасынан келген туристтерди активдүү тартууга багытталган. Ыңгайлуу географиялык жайгашуусунун аркасында «Белес Резорт» Фергана өрөөнүнүн жана жалпы Борбордук Азия элдеринин ортосундагы достук, маданий жана экономикалык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзгөн уникалдуу чек аралык аянтчага айланат.

Комплекс эс алуунун салттуу түрлөрү менен катар ишкердик жана спорттук туризм үчүн көп функционалдуу инфраструктураны сунуштайт. Ачылыш аземинин алкагында меймандостук индустриясынын адистери үчүн тармактык окуу-тренинг семинарларын өткөрүү пландалууда.

Мындан тышкары, «Белес Резорт» спорттук командалардын окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү үчүн негизги жайлардын бирине айланып, спортчуларды бийик тоолуу шартта даярдоо үчүн зарыл болгон ыңгайлуу шарттарды түзөт.

14