Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында “Восточные строительные материалы” ЖЧКсы тарабынан кыш чыгаруучу өндүрүштүк ишкана ачылып, ишке киргизилди.
Ишкананы жайгаштыруу максатында 14,70 гектар жер тилкеси пайдаланууга берилген. Долбоор жергиликтүү бийлик органдарынын уюштуруучулук коштоосу жана колдоосу менен, бюджеттик каражаттарды колдонбостон, жеке инвестициянын эсебинен ишке ашырылды.
Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 962,9 млн сомду түзүп, ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 100 млн даана кыш чыгарууга эсептелген.
Ишкананын ишке кириши менен 140 жаңы жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылууга жана аймактагы өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Жаңы ишкананын ачылышы курулуш материалдарын ата мекендик өндүрүштүн эсебинен камсыз кылууга, импортту азайтууга жана курулуш тармагынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле, өндүрүштүн кеңейиши Кара-Суу районунун экономикалык потенциалын жогорулатууга жана жаңы инвестицияларды тартууга шарт түзөт.



