10-сентябрга карата “Бала ырысы” жөлөк пулу 232 миң 229 балага берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан алардын банктык эсептерине 285 млн 588 миң 480 сом которулган.
Бүгүнкү күндө айрым учурларда каражаттар алуучунун эсебинде түшпөй калышы мүмкүн болгон себептерди аныктоо боюнча жекече тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик ар бир учур боюнча себептерди аныктоо максатында банктар менен биргеликте маалыматтарды жекече салыштыруу иштери жүргүзүлүп жатканын белгилейт.
Ошол эле учурда министрлик тарабынан банктар менен өз ара иштешүүнү улантып, төлөм алууга укугу бар ар бир алуучу белгиленген тартипте өзүнө тиешелүү каражаттарды алуусу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканы айтылды.



