Бишкекте кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 18-жыйыны өттү.
Жыйында Кыргызстандын бул багыттагы улуттук системасына баа берүү, көмүскө экономиканы кыскартуу жана финансылык көзөмөлдү күчөтүү маселелери талкууланды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев мамлекеттик башкарууну чыңдоо жана коррупцияга каршы күрөшүү негизги артыкчылыктардын бири экенин белгиледи.
Ошондой эле санариптештирүү, салык жана бажы башкаруусун жакшыртуу аркылуу экономиканын ачыктыгын камсыз кылуу боюнча иштер айтылды.



