7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балдарды мектепке кабыл алуу уланууда

5

Азыркы күнгө чейин балдарды мектептерге кабыл алуу жүрүп жатканын Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, дайыма болуп турган ички жана тышкы миграцияга, ошондой эле жашоосу оор кырдаалга туш болгон балдарга байланыштуу аларды мектепке кабыл алуу улантылууда.

“Негизи бардык балдар милдеттүү түрдө мектепке кабыл алынышы керек. Быйыл окуу жылы 15-сентябрдан башталгандыгына байланыштуу 1-5-класстын окуучулары 5 күндүк окуу режиминде билим алышат. Ал эми 6-11-класстын окуучулары үчүн айрым мектептерде 6 күндүк окуу режими белгиленген. Балдардын саны көп болуп, окуучулар батпай калган мектептерде 6 күндүк окуу режимине өткөрүлгөн”, — деди ал.

Абдылдаева белгилегендей, быйыл социалдык багыттагы 100 объект пайдаланууга берилди. Анын ичинен 34 мектеп жана 28 бала бакча жаңы окуу жылында ишке киргизилди.

 

6