16-сентябрда мектептерде окуу китептери жетишсиз болуп жаткан учурда алардын базарларда сатылып жатканы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев көтөргөн маселелер талкууланды.
Жолугушууга Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, «Окуу китеби» басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов, «Учкун» ААКтын жетекчиси Бакытбек Султанов жана Дастан Бекешев катышты.
Тараптар мектептер үчүн басылып чыга турган ар бир окуу китебине QR-код жайгаштыруу маселесин талкуулашты. Анын жардамы менен китептин кайсы аймакка, мектепке жана класска берилгенин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мындан тышкары, QR-код аркылуу окуучулар менен мугалимдер китептин мазмунуна байланыштуу кошумча электрондук материалдарга жана санариптик ресурстарга кире алышат.
Ошондой эле окуу китептерин басып чыгарууга каралган каражаттарды каржылоо маселеси каралып, Дастан Бекешев бул багыттагы каражат маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.



