Кыргызстанда мектеп окуучуларын окуу китептери менен толук камсыз кылуу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, окуу китептеринин жетишсиздиги көп жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөй. Акыркы эки жылда бул багытка 1,3 млрд сомдон ашык каражат бөлүнүп, 9,6 миллиондон ашык жаңы китеп басылган. Бирок айрым мектептерде китеп тартыштыгы дагы эле сакталууда.
Алагөзов белгилегендей, өлкөдө 12 жылдык билим берүү системасына өтүү жүрүп жаткандыктан, окуу программалары, стандарттар жана окуу китептери жаңыланууда. Ошондой эле окуучулардын саны жыл сайын өсүүдө. Бирок бул факторлор китеп жетишсиздигин актоого себеп болбошу керектиги айтылды.
Президенттин тапшырмасы менен эми тиешелүү мекемелер кыска мөөнөттө көйгөйдү толук чечүүгө тийиш.
Ошондой эле «Учкун» басмаканасынын кубаттуулугу жетишсиз болсо, талапка жооп берген башка басмаканаларды тартуу зарылдыгы белгиленди.
Агартуу министрлигине окуу китептери боюнча маалыматты ачык жарыялоо сунушталууда. Тактап айтканда, ар бир мектеп боюнча кайсы предметтен канча китеп жетишпей жатканы, жетишпеген китептер качан басылып, качан жеткирилери тууралуу маалымат коомчулукка жеткиликтүү болушу керек.
Мындан тышкары, мамлекеттик мектептердин окуучуларына бекер берилүүгө тийиш болгон китептердин базарларда сатылып жатканы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Китептердин кайда басылып, ким тарабынан кабыл алынганы, кайсы мектептерге жөнөтүлгөнү жана алардын базарга кандай жол менен чыгып кеткени иликтенет.
Алагөзовдун билдирүүсүндө, жооптуу мекемелер бири-бирин күнөөлөөгө эмес, биринчи кезекте окуучуларды китеп менен камсыз кылууга басым жасашы керектиги белгиленген.
«Бир дагы окуучу китепсиз калбашы керек. Бир дагы ата-эне мамлекет камсыз кылууга тийиш болгон китепти издеп базар аралабашы керек», — деп айтылат билдирүүдө.




