7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакетаев: Ахалай-махалай жок. Өлкөгө кыйкырган эмес, жардам берген адам керек!

21

Азыр баары эксперт болуп кетти. Телефондогу эксперт. Эртең менен ойгонуп туруп эле Сингапурдун мектебин көрөт. Ажатканасы жылтырап турат, партасы кооз, баары идеалдуу. Анан эле жазат: «Эмне үчүн бизде андай эмес?! Мамлекет эмне кылып жатат?!» Туура суроо. Бирок бир суроо бар. Өзүң эмне кылдың? Сенден башка бирөө жасап бериши керекпи баарын? Мектеп куруу оңойбу? Жок. Бир ажаткана куруу да оңой эмес экен. Бирок комментарий жазуу эң оңой — диванда жатып алып эле жаза бересиң. Мындай пикирин саясий серепчи Бакыт Бакетаев өзүнүн фейсбук баракчасында бидирди.

«Сингапур деген сүрөт эмес да. Кээ бирөөлөр ойлойт — Сингапур менен Кыргызстан бирдей эле башталганбы деп. Акчасы бирдей, жайгашкан жери бирдей, мүмкүнчүлүк-шарттардын баары бирдей берилгенсип. Жок да! Сингапур — бай өлкө. Бизден 50-60 эсе бай. Анын бир жылдык акчасына биз 10 жыл жашайбыз. Деңиз порттору бар. Анан кантип бирдей салыштырабыз? Бул: «Америкада Boeing бар, бизде эмнеге жок?» — дегендей эле кеп. «Сингапурда деңиз порту бар, бизде эмнеге жок?» — десе, бизде деңиз эле эмес, дүйнөгө чыга турган темир жолубуз да жок да! Туюк өлкөдө жашайбыз.

Европага өткөрүп койгулачы, кайра Европадан бияка өткөрүп койгулачы деп Казакстан менен Россияга жалдырайбыз. Чек араны жаап койсо товарларыбыз айлап туруп калат. Мен кыйкырып атышкан сынчыларга бир эле нерсе сунуштайм: Келгиле, бир ажаткана куруп көргүлөчү?Министр болбо. Реформа жасаба. Жөн эле классташтарыңды чогулт. Акча чогулт. Бир мектепке бир эле ажаткана салып бер. Бирөөнү гана! Ошондо түшүнөсүң — материал канча тураарын, жумушчу табуу канчалык түйшүк экенин. Канча убакытта курулат экенин.

Анан айт: «Мен бир ажаткананы ушунча кыйынчылык менен салдым» деп. Ошондо оозуңан чыккан сөз башкача болот. Анткени «кылыш керек» деп айтуу менен «мен кылдым» деп айтуунун ортосунда — чоң ажырым бар.

Дивандагы тренерлер. Футбол көргөндө баарыбыз эле кыйкырабыз: «Месси, эмнеге киргизбейсиң! Роналду, каякка тээп салдың деп!» Айтуу оңой. Анткени сен диванда, ал футбол талаада тердеп жүрөт. Бирок эч ким айтпайт: «Анда Мессинин ордуна өзүң чыга калбайсыңбы» деп. Ал эми министрди баары алмаштыра алат. Өмүрүндө 5 кишини башкарбаган адам да «мен 3 айда өлкөнү Сингапур кылам» деп атышат.

Билим берүү деген — футбол эмес. Ал жерде оюнчуну алмаштыргандай эле «ахалай-махалай» деп койсоң баары оңолуп кетпейт. Бул система илгертен бери эле келе жаткан чириген система. Баарын оңдош үчүн ондогон жылдар керек.  Бул — чоң поезд. Аны буруш үчүн убакыт керек, күч керек, акча керек.

Санга карап көрөлүчү. Кээ бирөөлөр: «Мурда мектеп салынган эмес» дешет. Кел, санап көрөлү. 30 жылда 400 мектеп салынса, акыркы 5 жылда эле 600 мектеп салынды. Калькуляторду колго ал. Математика калп айтпайт. Силерге жакса да, жакпаса да — бул факт. Акыркы 5 жылда салынган завод-фабрикаларды, ГЭСтерди, күндөн энергия алган станцияларды айтпай эле коёюн.

Ли Куан Ю жөнүндө. Баары эле: «Ли Куан Юну кара, Сингапурду курду» дейт. Туура, курду. Бирок ал 1 жылда курган жок! Ал 52 жыл башкарды. 1959-жылдан 2011-жылга чейин. Биз жетекчибизди 5 жыл отура элек жатса, андан 52 жылдык жыйынтыкты талап кылып жатабыз. Бул 5-класстын баласын 10-класстын баласы менен чуркатып, анан «эмнеге артта калдың?» — дегендей эле кеп.

Ар кимдин өз жолу бар. Кыргызстан — оңой жол менен келген жок. Советтер Союзунан чыктык, дароо базар экономикасына кирдик, үч революцияны көрдүк, кулап-турдук. Сингапурдун жолу башка, биздики башка. Анын көйнөгүн биз кийе албайбыз.

Сын керек, бирок… Мен силерге каршы эмесмин. Сындаш керек!Мектеп начар болсо — айт! Ажаткана кускуңду келтирсе — айт! Министр уурдаса — айт! Бирок эки түрдүү сын бар:

1. «Эмнеге жасабайсыңар?!» — деп кыйкырган сын.

2. «Маселени көрдүм, себеби мындай, чечими мындай, мен да жардам берейин» — деп маселени чечүү жолун сунушта. Бизге экинчиси керек. Кыйкырган эмес, жардам берген адам керек.

Акырында айтаарым. Мен да жаш болгом. Баары оңой көрүнчү. Бирок турмуш үйрөттү: Кыялдануу — оңой, куруу — кыйын. Сындаш — оңой, жооп берүү — кыйын. Убада берүү — оңой, аткаруу — кыйын. Ошондуктан жаштар, кыялдангыла!Бирок кыялдангандан кийин колуңарга телефон эмес, кирпич алгыла. “Диванный эксперт” болбой, бир ажаткана кургула. Бир мектеп кургула. Анан келип лекция окугула. Ага чейин — ахалай-махалай жок. Бул жерде фокус өтпөйт. Бул жерде адегенде башты иштетип акча табат, анан курат, анан иштетет.

Эл бекеринен айтпаган:»Оозу менен орок орот, бирок иш жүзүндө колунан эч нерсе келбейт деп”- деп жазган Бакетаев.

22