Бүгүн, 30-апрелде кечкисин Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат.