Кызыл-Бел — Гулистон өткөрүү пунктунда тажик чек арачылары кыргыз тарапты коздөй бир жолу ок чыгарышты. Бирок, кыргыз тарабынан жооп болгон жок. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирген.
Анын айтымында, учурда абал туруктуу. Ок атуу жок.
«Бул ок атуудан кийин биз Тажикстандын УКМК жана Чек ара аскерлеринин өкүлдөрү менен байланыштык. Бизге ок жаңылыштык менен атылгандыгын айтышты жана ал үчүн кечирим сурашты», — дейт ал.
Ошондой эле ал, тажиктер гаубицаны сызыкка тартты деген маалыматты четке какты.