7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тажикстандын күч түзүмдөрү бейкүнөө наристелерди да атып жатышат

1121

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан бейкүнөө карапайым жарандар жабыркап жатат. «Азаттык» Баткен ОИИБине таянып, каза болгон 3 аскердин жана 8 бейкүнөө жергиликтүү жарандардын тизмесин жарыялады.

 Алардын ичинде  Интернационал айылынан 12 жаштагы өспүрүм Мадина Рахматжановага да ок тийип каза болгон.

Кырсык бейшемби кечинде саат жети-сегиз чамасында тажик тараптагылар ок атып баштаганда, Максат, Кулунду, Интернационал айылындагы эл дүрбөп кача баштаган. Алардын арасында Мадина өзүнүн энеси жана төртүнчү класстагы сиңдиси менен кошо качып чыккан. Куралдуу кол салгандар айылдагы элди карай минометтон ок жаадырышкан. Ошондо Мадина менен анын энесине ок тийген.

«Аларды көрүп калган айылдаштары көтөрүп алып машинага салып, аймактык ооруканага алпарышкан. Алар кыздын абалы оор экен деп райондук ооруканага жиберет.  Тилекке каршы, алтынчы класстын окуучу ооруканага жетпей каза болгон«,-деди Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улук.

Мадинанын энеси райондук ооруканага жетери менен операция болгон, бирок абалы дагы эле оор болгондуктан Бишкек шаарына которушкан.

Мындан сырткары,  жергиликтүү ММКлар 5 жаштагы бала да качып бара жатып, дарыяга тушүп кетип каза болгонун жазышты.  Баткен ОИИБи бул маалымат азырынча тактала электигин билдирет.

Эске салсак каза болгондор жана жарадар болгондор негизинен курал огунан жабыркап жатат.

Расмий булактар тактай элек маалыматтарга ылайык «Головной» тарапта 10дон ашуун  Кыргызстандык жарандардын жансыз денеси калган. Аларга барып тактоого мүмкүн болбой жаткандыгын, аймактагы кабарчыбыз билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1122