Жалал-Абад аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо мекемелери биригип 700 миң сомдук дары-дармек чогултушту. Бул тууралуу аймактык журналист маалымдады.
Анын айтымында, чогулган дары-дармектер Баткен облусунун кыргыз-тажик чек ара чырында жаракат алган жарандарына жардам иретинде жөнөтүлүүдө.
Эске салсак, чек ара чыры 28-апрель күнү башталып, эки тараптын айтышуусунан атышууга чейин жетти. Кыргызстандан 13 жаран мерт кетип, 134 жаран жаракат алып, жалпы 121 жаранга ок тийген.