7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров “Ситибанк” банкынын башкаруучу директору менен жолугушту

19

Өлкө башчы Садыр Жапаров 21-сентябрда Нью-Йоркто “Ситибанк” банкынын башкаруучу директору Стефани фон Фридбург менен жолугушту.

Жолугушууда финансылык жана банктык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, анын ичинде эл аралык эсептешүүлөр, инвестициялык өз ара аракеттенүү жана кыргыз банктарына эл аралык финансылык инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери каралды.

Ошондой эле Кыргызстандын банк секторунун эл аралык капитал рынокторуна чыгышында кыргыз банктарынын “Ситибанк” менен кызматташуу тажрыйбасы белгиленди. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында мамлекеттик “Элдик Банк” Citigroup компаниясынын келишимдин негизги уюштуруучуларынын жана букраннерлеринин бири катары катышуусунда 500 млн АКШ доллары өлчөмүндө алгачкы еврооблигацияларын жайгаштырган.

Тараптар Кыргызстандын мамлекеттик банктары менен “Ситибанк” ортосунда жаңы корреспонденттик мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле республикада америкалык банктын филиалын ачуу келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров маектештерине Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун, “Камбар-Ата-1” ГЭСин, “Асман” экошаарын жана “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластерин куруу сыяктуу масштабдуу долбоорлор тууралуу айтып берип, азыркы учурда “Ситибанк”менен практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү абдан пайдалуу болорун айтты.

“Ситибанк” өкүлдөрү буга чейин Кыргызстан менен ийгиликтүү кызматташып келгенин ырастап, жакынкы келечекте Кыргызстандын мамлекеттик банктары менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө кызыкдарлыгын жана банктын өлкөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу ниеттенерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюу аземи болуп өттү:

  • Финансы министрлиги менен “Ситибанк” ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • ”Элдик Банк” ААК менен “Ситибанк” ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • “АБанк” ААК менен “Ситибанк” ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Маалымат үчүн: “Ситибанк” корпоративдик кардарларга, финансылык уюмдарга жана мамлекеттик түзүмдөргө кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин сунуштаган алдыңкы эл аралык финансылык институттардын бири. Банк 180ден ашуун өлкөдө жана юрисдикцияда өкүлчүлүгү бар Citigroup финансылык тобунун курамына кирет.

 

20