7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Калктын коррупцияга каршы маалымдуулугун баалоо боюнча сурамжылоо

140

Мамлекеттик антикоррупциялык маалыматтык саясатты ишке ашыруунун алкагында, Юстиция министрлигинин алдындагы Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту тарабынан калктын коррупцияга каршы маалымдуулук деңгээлин изилдөө боюнча анонимдүү онлайн-анкетирлөө жүргүзүлүүдө.

Изилдөөнүн максаты — жарандардын коррупцияга каршы аракеттенүү, коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирүүнүн жолдору жана мыйзамда белгиленген жоопкерчилик тууралуу канчалык деңгээлде маалымдар экендигин аныктоо, ошондой эле калктын коррупцияга болгон мамилесин жана анын көрүнүштөрү жөнүндө билдирүүгө даярдыгын изилдөө.

Сурамжылоого катышуу ыктыярдуу жана анонимдүү болуп саналат. Жооптор аналитикалык баяндама жана коррупцияга каршы маалыматтык саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо үчүн жалпыланган түрдө гана пайдаланылат.

Шилтемени басып, сурамжылоого катышыңыз!

https://docs.google.com/…/1FAIpQLSdOVyztGdPPny…/viewform

141