7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлер кабинетинде окуу китептери менен камсыздоо боюнча кеңешме өттү

7

2026-жылы республикалык бюджеттен окуу материалдарын басып чыгарууга 744 млн сом каралган. Кошумча Агартуу министрлиги 2026-жылга каралган каражаттарды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен 16,2 млн сом бөлгөн. Бул каражатка 3 млн 668 миң 606 даана окуу материалдарын чыгаруу пландалган. Окуу жайларга 2 млн 455 миң 868 даанасы жеткирилди. Бүгүнкү күнгө карата 1 млндон ашуун даанасы жеткирүү баскычында турат.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевдин жетекчилигинде окуу китептери, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор менен камсыздоо маселелери боюнча 21-сентябрдагы кеңешмеде айтылды.

2025-жылы окуу адабиятын басып чыгарууга 855 млн сом өздөштүрүлгөн. Республиканын жалпы билим берүү уюмдарына жалпы нускасы 4 млн 735 миң 870 даананы түзгөн окуу-методикалык комплекстер басылып чыгарылып, жеткирилген.

12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүү концепциясына ылайык, ар бир окуу жылы үчүн артыкчылыктуу класстарга окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди этап-этабы менен басып чыгаруу планы иштелип чыкканы

Президенттин чечими менен окуучуларды окуу китептери менен камсыздоо үчүн зарыл болгон финансылык каражаттар бөлүнөрүн белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Президент мектептерде окуу китептеринин жетишсиздигин жоюу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүү чечимин кабыл алды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мектепте жок окуу китептери Дордой базарында сатылып жатканын айткан. Өзү үчүнчү класстын математика китебин 650 сомго сатып алган.

«Мектептер китептердин жетишсиздигинен жапа чегип, эски окуу китептерин таратып жатканда, мен Дордой базарынан жаңыларын таптым. Мен үчүнчү класстын математика китебин 650 сомго сатып алдым. Окуу китептери мамлекеттик «Учкун» басмаканасында басылып чыккан, аларда «сатылбайт» деп жазылган. Башкалардын бул окуу китептерин басып чыгарууга укугу жок. Бул — коррупция. Кимдир бирөө аларды сатат, биз басып чыгарууга акча бөлүп беребиз» деди депутат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы боюнча укук коргоо органдары өлкө базарларында мектеп окуу китептерин сатуу фактылары боюнча текшерүү баштады.

Ар бир окуу китебине QR-код жайгаштыруу каралууда. QR-код окуу китептеринин кайсы аймакка, мектепке жана класска берилгендиги тууралуу маалыматты аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

8