Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарына жумушчу сапар менен барат.
Сапардын алкагында Касымалиев Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, ошондой эле бир катар компаниялардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушат.
Мындан тышкары, ал 5-Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө барат.



