7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Базар-Коргондо лицей кызматкерлери мыйзамсыз диплом берүүгө шектелүүдө

202

Базар-Коргондогу №52 кесиптик лицейинин жооптуу кызмат адамдары чет өлкөлөрдө жүргөн 10 окуучуга окуу жайын бүтүргөндүгүн тастыктаган аттестат жана дипломдорду мыйзамсыз беришкендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024–2025-жылдары чет мамлекеттерде жүргөн 10 окуучу окууга катышкан катары көрсөтүп, тиешелүү документтер жасалмаланган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

203