Окуу китептеринин базарларга тарап кетиши боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.
«Коомчулук окуу китептери мамлекет тарабынан каржыланып жатса да эмне үчүн базарда сатылып жатат деп нааразы болууда. Акыркы эки жылда окуу китептерин басып чыгарууга 1,3 миллиард сом бөлүнгөнүнө карабай ата-энелер китеп сатып алууга аргасыз болууда. Каражат «Учкунга» бөлүнгөн, бирок алар китептерди мектептерге жеткирген эмес. Ошондой эле, президент Садыр Жапаров бул максатка дагы 7 миллиард сом бөлгөн», — деп билдирди ал.



