Ысык-Көлдөгү мамлекеттик жаратылыш коруктарынын биринде 300дөн ашуун аркар-кулжа бир жерге топтолуп, оттоп жүргөнү байкалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Жаныбарлардын мындай эркин жана тынч жүрүшү коруктун аймагында алар үчүн коопсуз шарт түзүлгөнүн жана экосистемадагы табигый тең салмактуулуктун сакталып жатканын көрсөтөт.




