Президент Садыр Жапаров Нью-Йорктон Бишкекке кайтып келди. Мамлекет башчысынын 15-сентябрдан берки сапары Корея Республикасын жана АКШны камтып, анын жүрүшүндө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана эл аралык иш-чаралар өттү.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун маалыматына караганда, сегиз күнгө созулган сапардын жүрүшүндө “№1 борт” Бишкек–Сеул–Аляска–Солт-Лейк-Сити–Нью-Йорк–Шаннон–Бишкек багыты боюнча учуп, үч континентти камтыган каттамды басып өттү. Алагөзовдун эсебинде, мамлекет башчысы сапардын 32 саатын учакта өткөргөн.
Сапардын алгачкы багыты Корея Республикасы болду. Сеулда Садыр Жапаров “Борбордук Азия – Корея Республикасы” биринчи саммитине катышып, бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле бизнес-саммиттин атайын сессиясына катышып, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча сунуштарын билдирди.
Андан соң Президент АКШнын Юта штатына барып, штаттын жетекчилиги менен жолугушту. Ошондой эле туризм жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча америкалык тажрыйба менен таанышты. Сапардын алкагында Ютадагы Олимпиадалык паркка жана Deer Valley лыжа курортун кеңейтүү долбооруна да барды.
Мамлекет башчысынын АКШдагы сапарынын кийинки багыты Нью-Йорк болду. Бул жерде Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү. Президент өз сөзүндө эл аралык коопсуздук, БУУну реформалоо, климаттын өзгөрүшү жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү сыяктуу маселелерге токтолду.
Нью-Йоркто Президент бир катар эки тараптуу жолугушууларды да өткөрдү. Алардын арасында Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта, Австриянын президенти Александер Ван дер Беллен жана Тринидад жана Тобаго премьер-министри Камла Персад-Биссессар менен жолугушуулар болду.
Мындан тышкары, америкалык бизнес жана каржы секторунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Атап айтканда, Садыр Жапаров StoneX Group жана Citibank жетекчилиги менен жолугушуп, инвестиция, финансылык кызматташтык жана эл аралык финансылык инфраструктура боюнча маселелерди талкуулады.
Ошентип, мамлекет башчысынын сегиз күндүк иш сапарынын алкагында үч континент — Азия, Түндүк Америка жана Европа аркылуу каттам өтүп, Корея Республикасы, АКШ жана эл аралык уюмдар менен бир катар жолугушуулар өткөрүлдү.



