7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын экономикасы 2027-жылы 8,4 пайызга өсүшү күтүлүүдө

8

Азия өнүктүрүү банкы сентябрдагы жаңы экономикалык божомолун жарыялады. Ага ылайык Кыргызстандын экономикасы 2026-жылы 8,9 пайызга, 2027-жылы 8,4 пайызга өсөт деп күтүлүүдө. Мындай пикирин өзүнүн фейсбук баракчасына активист Атай Бейшенбек жазды.

«Эки жылда тең Кыргызстан Кавказ, Борбордук жана Батыш Азия өлкөлөрүнүн арасында эң жогорку көрсөткүч менен биринчи орунда турат. Мындай жогорку темптин сакталышын Азия өнүктүрүү банкы ички суроо талаптын туруктуулугу, инвестициялар жана экономикалык активдүүлүк менен байланыштырууда.

Эң маанилүүсү, мындай бааны өзүбүздүн мамлекеттик органдар эмес, өлкөлөрдүн экономикасын бирдей ыкма менен талдаган дүйнөдөгү абройлуу эл аралык каржы институттарынын бири берип жатат.

Азия өнүктүрүү банкы 1989-жылдан бери Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшүнө талдоо жүргүзүп, божомол жарыялап келет жана анын маалыматтарына өкмөттөр, инвесторлор, эл аралык уюмдар жана эксперттер таянышат.

Биз өзүбүздү-өзүбүз мактап жаткан жокпуз, бирок эл аралык институт берген мындай бааны жокко чыгара албайбыз. Факт бар жана аны көрсөткүчтөр тастыктап турат, только алга дейм»- деп жазган Атай Бейшенбек.

9