7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эртең Бишкекте ыктыярдуу кан тапшыруу боюнча акция өтөт

8

25-сентябрда Республикалык кан борборунда ыктыярдуу донорлордон кан чогултуу акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Иш-чара Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектиси, 60 дарегинде уюштурулат. Акциянын негизги максаты өлкөдө калкты даярдалган донорлук кан менен камсыздоо.

Өлкөдө калкты донордук кан менен камсыз кылуу көрсөткүчү миң адамга 12 донорду түзөт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушуна ылайык, бул көрсөткүч миң адамга 40 донор болушу керек. Ошондуктан Кыргызстанда кан донорлугуна муктаждык туруктуу бойдон калууда.

Кыргызстанда кан донорунун улуттук күнү жыл сайын сентябрдын акыркы жекшембисинде белгиленет. Жыл сайын Республикалык кан борбордо болжол менен 30500 л донорлук кан даярдалат.

Донор болууну каалагандар өздүгүн тастыктаган документин ала келиши керек. Кан тапшыруудан мурун майлуу, куурулган жана сүт азыктарын колдонбоо керек.

Жашап кетүүгө үмүт тартуулаңыз — кан донору болуңуз!

9