7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө токойчу үч ак илбирсти видеого тартып алды

148

Ысык-Көл облусунун тоолуу аймактарынын биринде жергиликтүү токойчу үч ак илбирсти табигый чөйрөсүндө видео тасмага тартып алды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына караганда, видеодо үч ак илбирстин тоолуу аймакта тынч жана эркин жүргөнү көрүнөт.

Ак илбирстердин табигый чөйрөдө үзгүлтүксүз катталышы жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн сактоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүүлүгүн көрсөтөт.

Ак илбирс сейрек кездешүүчү жана өзгөчө коргоого алынган жаныбарлардын катарына кирет.

Адистер үчүн жаныбарлардын адам кийлигишүүсүз, эркин жүрүшү алардын жашоо чөйрөсүндө табигый шарттардын сакталып жатканын байкоого мүмкүндүк берет.

Тартылган видео Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында ак илбирстердин табигый чөйрөсү сакталып жатканын дагы бир ирет көрсөттү.

149