2026-жылдын 17-ноябрынан тарта Бишкек – Пхукет (Таиланд) багыты боюнча түз каттамдар ачылды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аба каттам “Qanot Sharq” авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт.
Каттамдар жумасына 2 жолу заманбап “Airbus A321neo” учактарында аткарылат. Бул багыт кыргызстандыктарга Түштүк-Чыгыш Азиянын эң кооз жана популярдуу туристтик аймактарынын бирине түз учуп барууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Жаңы багыттын ачылышы Кыргызстандан эл аралык каттамдардын географиясын кеңейтип, өлкөлөр ортосундагы туристтик байланышты бекемдөөгө өбөлгө түзөт.



