7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто республикалык айтыш өтөт

16

Ош шаарынын күнүнө жана КР баатыры, залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Тандоо туру 1-октябрда саат 10:00дө Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт. Түштүк аймагындагы акындар үчүн тандоо туру 3-октябрда Ошто уюштурулат.

Тандоонун жыйынтыгында эң жогорку упай алган 12 акын финалга жолдомо алат. Финалдык айтыш 3-октябрда саат 17:00дө Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалык драма театрында өтөт.

Акындардын чеберчилиги, сөз байлыгы, теманы ачып берүү жөндөмү, үнү, комуз чертүү деңгээли жана сахна маданияты бааланат.

Жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт.

17