7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Жыл аягына чейин 20 миңден ашуун үй-бүлө батирлүү болот

5

Өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте курулган “Асман Резиденс-1” турак жай комплексинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Иш-чаранын алкагында жаңы батирлердин ачкычтары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Башкы прокуратуранын, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрүнө тапшырылды.

Президент өз сөзүндө жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. Жылдын аягына чейин өлкө боюнча 20 миңден ашуун батирдин курулушун аяктоо пландалып жатканын айтты.

Учурда өлкө боюнча 150-200 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж, алардын ичинен 100 миңге жакын үй-бүлөнү 2026-2027-жылдары турак жай менен камсыз кылуу мерчемделүүдө.

Садыр Жапаров мамлекет алдына узак мөөнөттүү милдетти – 2030-жылга чейин Кыргызстандагы турак жайга муктаж болгон бардык үй-бүлөлөрдү жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууну коюп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле учурда көлөмү болжол менен 2 млрд долларды түзгөн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын мындан ары көбөйтүү зарылдыгына токтолду.

Малекет башчы жаңы конуш ээлери менен баарлашып, батирлерди жана турак жай комплексинин жер алдындагы унаа токтотуучу жайын көрүп чыкты.

Жаңы батирлер күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилүүдө.

Турак жай комплекси 2,01 га аянттагы жер тилкесинде жайгашкан. Анын курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган. Комплекс 11 блоктон турат жана 1 050 батирди камтыйт. Аймагында 551, анын ичинде 178 жер үстүндөгү жана 373 жер алдындагы унаа токтотуучу жай, ошондой эле балдар үчүн оюн аянтчалары каралган.

6