7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арслан Койчиев Казакстандын вице-президенти менен жолугушту

16

Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Астана шаарында Казакстандын вице-президенти Ерлан Карин менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-казак мамилелерин мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тараптар эки боордош элдин ортосундагы достук жана жакшы коңшулук мамилелердин бекемделишине негиз болгон өз ара урмат-сый, ынтымак, биримдик, өз ара жардамдашуу жана түшүнүшүү принциптеринин маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушууда кыргыз жана казак элдеринин ортосундагы кылымдардан бери калыптанган тарыхый, маданий жана гуманитардык байланыштарды сактоо жана мындан ары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар өз ара колдоону жана конструктивдүү диалогду улантуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, эки боордош мамлекеттин ортосундагы коомдук жана гуманитардык байланыштарды мындан ары кеңейтүү боюнча пикир алмашты.

17