Кыргызалтындын жетекчиси Кубат Абдраимов Тоголок алтын кениндеги жумуштардын жүрүшү менен таанышты
Жумушчу сапардын алкагында ал жаңы кендеги тоо-кен иштеринин жүрүшү, геологиялык чалгындоо жана инфраструктураны куруу процесси менен жеринде таанышты.
Ошондой эле Кубат Абдраимов “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” жетекчилиги менен кен жайдын карьеринде көчмөн жыйын өткөрүп, өндүрүштүк пландардын аткарылышын текшерди.
Төрага Тоголок кенин ишке киргизүү өлкөнүн тоо-кен тармагын өнүктүрүүдө тарыхий мааниге ээ экенин баса белгиледи.
“Тоголок кени — Кыргызстан толугу менен өз күчү менен ишке ашырып жаткан маанилүү долбоор. Эч кандай чет элдиктердин жардамы жок, өз каражатыбызга, өзүбүздүн адистерибиз менен нөлдөн баштап, жаңы өндүрүштү түптөп жатабыз. Ошондуктан ар бирибиздин мойнубузга жүктөлгөн бул тарыхий милдетти татыктуу аткаралы”-деди.
“Кыргызалтындын” башчысы жыйындын акырында тоо-кен иштерин белгиленген план менен өз убагындабүтүрүү, кызматкерлерге татыктуу эмгек шарттарын түзүү жана техникалык коопсуздук эрежелерин тыкыр сактоо боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле Кубат Абдраимов Сары-Бел коктусундагы Алтын ылгоочу фабриканын курулуш иштерине старт берип, пайдубалына мезгил кутучасын салды.
“Кыргызстанда акыркы жылдары жүздөгөн жаңы өндүрүштөр ишке берилип, келечегибизге бекем пайдубал түптөлүүдө. Ошолордун катарындагы ушул алтын ылгоочу фабрикабыздын дагы пайдубалы бекем болуп, элибиздин бакубатчылыгы үчүн кылымдар бою кызмат кылсын” деп ак тилегин айткан Кубат Абдраимов баардык кызматкерлерге күч кубат жана ийгилик каалады.
Маалымат үчүн:
Тоголок алтын кени 1978-жылы ачылган. Кенди өздөштүрүү жана Жангарт аянтын чалгындоо боюнча 2023-жылы “Кумтөр Оперейтинг Компаниге” лицензия берилип, 2026-жылдын июнь айында Тоголок кенинин карьеринде тоо-кен иштери башталган. Тоголок кениндеги 20 тоннага жакын алтындын запасы мамлекеттик баланска коюлган. Ал эми Жангарт аянтындагы геологиялык чалгындоо иштери кийинки жылы аяктайт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



