Өлкөдө 1–4-октябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, айрым жерлерде жаан катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, абанын температурасы кескин төмөндөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Бийик тоолуу жайыттарда жүргөн чабандарга малды алдын ала коопсуз жана төмөнкү аймактарга түшүрүү сунушталат.
ӨКМ жарандарды аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу сактык чараларын көрүүгө жана кооптуу жайлардан алыс болууга чакырат.



